Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:38

Балхаш абагында 7 киши мерт болду


Казакстандагы Балхаш түрмөсүнөн кылмышкерлердин качуу аракеттери маалында 7 киши мерт болду. Интерфакс агенттигинин жазганына караганда 16 кишиден турган кылмыштуу топ качууга аракет кылышкан. Алардын колунан бир күзөтчү өлүп, төртөө жарат алган. Ички иштер министрлигинин атайын тобу качкандарды кармоо операциясынын алдында кылмыштуу топ колго жасалган бомба менен өздөрүн жардырып жиберишкен. Натыйжада алардын алтоо мерт болду.

XS
SM
MD
LG