Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:01

Кипр коргоо министри кызматынан кетти


Кипрдеги жардыруудан 12 киши мерт болуп, коргоо министри Костас Папакостас кызматынан баш тартты. Лимасол шаарындагы аскерий базанын жарылуусунан мерт болгон 12 кишинин катарында аскер-деңиз күчтөрүнүн башкы командачысы жана "Эвангелос Флоракис" аскер базасынын командачысы бар. Жарылууга жардыргыч заттардын күйүшү себеп болгон. Жүздөгөн контейнер жардыргыч заттар Кипрдин желеги менен Ирандан ташылып келатканда БУУнун санкциясына каршы деп, 2009-жылы "Мончегорск" кемесинен тартылып алынган. Кипр бийлиги муну атайын жасалды деп эсептебейт.

XS
SM
MD
LG