Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:20

АКШ мамкатчысы Сирияны сындады


АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон "Сирия президенти Башар Асад легитимдүүлүгүн жоготту" деди. Мындай билдирүүнү Клинтон Евробиримдиктин жогорку өкүлү Кетрин Эштон менен кеңешкенден кийин жасады.

Башар Асаддын жоон топ тарапкерлери АКШнын жана Франциянын Дамаскидеги элчиликтерине кол салышты. Мындай аракет эки элчинин Башар Асадга каршы массалык акциялар өтүп жаткан Хама шаарына барганына жооп иретинде болду. Башаддын авторитардык режимине каршы чыгуулардан бери Сирияда 1400дөй киши мерт кетти.

XS
SM
MD
LG