Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:58

7-апрель окуясы боюнча сот иши жанданды


Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди. 7-апрель окуясы боюнча сот иши кайрадан жанданып, бүгүнкү соттук отурумда мурдагы коргоо министри Бакыт Калыевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп берүү суралды. Буга Калыевдин саламаттыгынын начарлашы себеп болууда. Адвокат Руслан Долаев Калыевди үй камагына бошотууну өтүнүп, ал бардык соттук отурумдарга убагында келип турарына ишендирип өттү. Ушундай эле мазмундагы өтүнүч кат Жогорку Сот төрайымы Феруза Жумашевага жолдонуп, ага Жогорку Кеңештин 61 депутаты кол койгону да маалым болду.

Бирок мамлекеттик айыптоочулар жана 7-апрелде жакындарын жоготкондор буга каршылыгын билдирип жатышат.

Бүгүнкү соттук отурумда 7-апрелде алган жарааттан жакшы боло албай дагы бир адам - Аваз Кадыровдун көзү өткөндүгу маалым болду. Буга байланыштуу доо арыз ээлери отурумга келе алышкан жок. Ушундан улам сот иши эртеңкиге жылдырылды.

7-апрель окуялары боюнча 28 киши айыпталып, алардын алтоо Кыргызстандан сырт жерлерде жүргөндүктөн издөөдө. Бул адамдар сыртынан соттолгону атат. (EK)

XS
SM
MD
LG