Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Сирия Клинтондун сынын айыптады


Сириянын бийликтери АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун президент Башар ал-Ассад тууралуу айткандарын "козутуу аракети" деп мүнөздөдү.

Клинтон кечээ "Асад жана анын режими мыйзамдуулугун эбак жоготту" деген эле. Клинтон ошондой эле "Асаддын ички реформалар боюнча берген убадасын аткараары күмөн" деген. Сирияда президент ал-Асадга каршы нааразылык улам күч алууда.

Дүйшөмбү күнү Дамаскидеги америкалык жана франциялык элчиликтерге кол салуу жасалган. Укук коргоочулардын эсебинде, март айынан берки толкундоолордо Сирияда аз дегенде 1400 киши каза болду.

XS
SM
MD
LG