Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:55

Кыргыз Улуттук университеттин ректору алмашты


Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин жаңы ректору болуп Искендер Исамидинов дайындалды. Бул тууралуу бүгүн Билим берүү жана илим министри Канат Садыков билдирип, жаңы жетекчини окуу жай жамаатына тааныштырды.

Садыков “Азаттыкка” курган маегинде мурдагы ректор Аалыбек Акунов университеттин жамааатынын айрым өкүлдөрүнөн келип түшкөн арыздардын негизинде кызматтан алынганын айтып, “министр өз кишисин алып келип жатат” деген кептер чындыкка жатпай турганын билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы мындай кадрдык алмашуулар боюнча премьер-министрдин расмий буйругу түшө электигин, окуу жайдын мурдагы ректору кандай укуктун негиздер менен кызматтан алынганы азырынча белгисиз экендигин “Азаттыкка” кабарлады.

Жаңы дайындалганы айтылган Искендер Исамидинов буга чейин ушул эле окуу жайдын алдындагы Кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директору болуп иштеп келген.

Кечээ Улуттук университеттин мурдагы ректору Аалыбек Акунов маалымат жыйынын өткөрүп, ага карата саясий куугунтук жүрүп жатканын, өзүн негизсиз кызматтан алууну көздөгөн күчтөр бар экендигин, буга Билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун да тиешеси бар экендигин жар салган. (KKs)

XS
SM
MD
LG