Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:30

Калыевдин ден соолугу дарыгердин кабатырлануусун жаратты


Апрель окуялары боюнча сот жообуна тартылып жаткан мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыев дарыгерлердин туруктуу көзөмөлүнө муктаж. Бул тууралуу бүгүнкү соттук жараянда Бишкектеги Кардиология эмканасынын дарыгери Зинаида Байзакова билдирди.

Анын айтымында, Калыев диабет, үчүнчү даражадагы гипертония ооруларынан жабыркап келет. “УКМКнын абагында шарттар кандай экени белгисиз. Калыевдин оорусу коркунуч жараткандыктан ал дарыгерлердин көзөмөлүндө болушу керек”,-деди Байзакова.

Апрель сотун карап жаткан судья Дамир Оңолбеков болсо, бул маселе УКМКнын убактылуу кармоочу жайындагы шарттар текшерилгенден кийин гана чечилерин билдирди.

Буга чейин Жогорку Кеңештин алтымыштай депутаты жана Калыевдин адвокаты айыпталуучунун баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүүнү өтүнгөнү кабарланган. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG