Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:52

Мечит кантип бала бакчага айланды?


Жума намаздан бир көрүнүш
Жума намаздан бир көрүнүш

Кара-Суу районунун Агартуу айылында жергиликтүү эл элеттеги эки мечиттин бирин бала бакчага айландырды. Коомдук-саясий ишмер, дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Тойгонбек Калматов "Азаттыкка" маек курду.

Калматов: Кара-Суу районунун эли орчундуу, керектүү маселени чечишти. Мечиттер – Алланын жердеги үйү деп айтылат. Чынында эле мечиттерде адамдар ыйманга келип, бири-бирине туура жол көрсөтүп, шариятты, коомдогу болуп жаткан окуяларды чагылдырып, тарбия-таалим берүүнүн очогуна айланганы чын.

Тилекке каршы бүгүнкү күнү көп аймактарда мечиттерге кулпу салынып, аптасына бир күн - жума намазда иштесе иштеп, иштебесе жок турат. Албетте бул өкүндүрөт.

Мечиттердин көп болгону жакшы, бирок бир айылда эки мечит болсо ал айылдын эли да экиге бөлүнүп, ынтымагына, биримдигине доо кетиши мүмкүн. Себеби "мехр көздө" деген сөз бар, канчалык адамдар бир жерде жолугушуп, бир жерде таалим-тарбия иштерин алып бара турган болсо, бул ошол эле айылдын элине пайда. Ал эми Кара-Суудагы Агартуу айылынын тургундарынын экинчи мечитти бала бакчага бериши – мактоого арзыйт.

"Азаттык": Мечит куруу соопчулугун өзгөчө элет жерлеринде бала бакча, оорукана жана башка элге эң керектүү социалдык объьекттерди куруп, ошол жакка бурууга болобу?

Калматов: Коомдун, улуттун, мекендин келечеги – жаштарда. Эгер биз жаштарды тарбиялап, таалим берүүгө, аларды туура жолго салууга шарт түзүп, көмөк көрсөтө турган болсок, мындан артык ыйык, мындан артык сооп иштери болбосо керек.

Айылдагы элдин талабын канааттандыруучу деңгээлдеги мечити бар, экинчи мечитти алар бала бакчага беришти. Ушул идеяны, демилгени башка жерлерде да колдоого алуу зарыл. Кудайга шүгүр, бүгүнкү күнү элибиздин санына жараша жетиштүү мечиттер бар.

"Азаттык": Мечит куруу иши кандай тартипте жүргүзүлөт? Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктен же муфтияттан уруксат же башка көрсөтмө берилеби?

Калматов: Мечит куруу муфтият аркылуу жүргүзүлөт. Жарандар мечиттин курулушуна байланышкан бардык документтерди даярдап, муфтиятка кайрылат. Ал документтердин ичинде архитектура агенттигинин жана башка тийиштүү органдардын макулдук, чечимдери болушу керек. Муфтият алардын арызын кезекке койот.

Азыр мечиттерди жарандар да куруп жатышат, көбүнчө чет мамлекеттерден, айрыкча Сауд Арапстандан келген демөөрчү уюмдар көмөк көрсөтүп куруп жатышат.

"Азаттык": Ушундай суроо-арыз түшкөндө аларга кайрылып, ушул мечит куруу соопчулугун бала бакча же башка элге зарыл болгон объектилердин курулушуна жумшоосун өтүнүп, түшүндүрүүгө мүмкүнбү?

Калматов: Муфтияттын азыркы жетекчилери илим-билимдүү, өтө терең перспективалуу ой жүгүрткөн инсандар. Булар ушул жагын колго алса болот, анткени мечиттер керектүү өлчөмдө, талапка ылайык курулгандан кийин калган каражаттарды бала бакча, мектеп, оорукана жана башка керектүү объектилерди курууга жумшасак, мунун да өз сообу бар.

"Азаттык": Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG