Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:02

Шашылыш билдирүү: Сел жүрүшү мүмкүн


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча, 14-июндан 20-июнга чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде нөшөрлүү жаанга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт.

14-июлда Кыргызстандын айрым аймагында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 26…31, Талас облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30, Баткен облусунда түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26, Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26 градус жылуу. Тоолордо түнкүсүн -2…+3 градус, күндүз 9…14 градус жылуу болоору күтүлүүдө.

Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамаалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 27…29 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG