Линктер

шаршемби, 26-апрель, 2017 Бишкек убактысы 10:31

БШКда коомдук кабылдама иштей баштайт


Мындай чечим Боршайкомдун бүгүнкү жыйынында кабыл алынды. БШКнын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, коомдук кабылдама Боршайкомдун мүчөлөрүнөн жана аппарат кызматкерлеринен туруп, президенттик шайлоо бүткөнгө чейин дем алышсыз иштейт. Кабылдама БШКнын имаратында жайгашып, шайлоо жараянына байланыштуу жарандардан, талапкерлерден түшкөн арыз, даттанууларды териштирет жана атуулдардын шайлоо укугун камсыз кылууну көздөйт. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG