Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:33

Кыргызстан Индонезияда башкы консулдугун ачууга кызыкдар


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков Жакарта шаарында Индонезиянын вице-президенти Будионо менен жолугушуу учурунда билдирди. Анын айтымында, Бишкекте жана Жакартада эки өлкөнүн консулдуктары ачылса, жарандар үчүн ыңгайлуу шарт түзүлмөк. Мындан тышкары спикер Индонезия өкмөтүнө Бишкек-Жакарта-Бишкек аба каттамын ачуу сунушун билдирди. Индонезия тарап бул маселелер алдыда каралаарын ачыктады.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлагандай, учурда парламенттин ар бир фракциясынын өкүлдөрүнөн турган делегация Малазия, Индонезияда иш сапары менен жүрөт. (KKs)

XS
SM
MD
LG