Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:29

Жарым жылда Кыргызстанга кирген унаалардын саны өскөн


Бул тууралуу “Азаттыкка” Бажы кызматынын басма сөз катчысы Абдылда Малдыбаев билдирди. Анын айтымында, жыл башынан бери Кыргызстанга 16 409 автоунаа кирген. Бул өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 360 машинага көптүк кылат. Бул автоунаалардын көбү Жапониядан, АКШдан жана Европа өлкөлөрүнөн алынып келген.

“Өлкөгө кирген автоунаалардын көбөйүшү казакстандык ишкерлердин 1-июлга чейин Кыргызстан аркылуу көбүрөөк машина алып өтүү аракетине байланыштуу. Эми бажы төлөмдөрү көбөйгөндөн бери Кыргызстанга кирген машиналардын саны да азайышы мүмкүн”,-дейт Малдыбаев.

Курамына Орусия, Казакстан жана Беларус кирген Бажы биримдиги 1-июлдан тарта жаңы эрежеге өткөн. Ага ылайык, Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн ички чек аралары жеңилдетилип, тышкы чек араларында тартиптер күчөтүлгөн. (KKs)

XS
SM
MD
LG