Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:02

Ырчыдан театр өнөрүнө өткөн актриса


"Ай баратат” берүүсүнүн мейманы - Кыргыз Эл артисти, Мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын ээси Гүлайым Каныметова.

Кыргыз эл артисти Гүлайым Каныметова учурда Токтоболот Абдымомунов атындагы Улуттук кыргыз драма театрында чыгармачылык менен эмгектенүүдө.

Ал Түп районундагы Тасма деген айылда 7 жылдык мектепти бүткөндөн кийин Каракол шаарындагы Киров атындагы орто мектептен билим алып жүргөндө, Бишкектен музыка, көркөм өнөр адистери барып, таланттуу кыз-уландарды тандап Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына окууга чакырат. Ал тууралуу актриса буларды эскерди.

“Эсимде” деген аталыштагы спектаклдин жаңы варианты
- Мектепте окуп жүргөндө өздүк көркөм чыгармачылык ийримине катышып ырдачу элем. Өзүм ырдаганды жакшы көрчүм. Киров мектебин бүтүп жатканда Фрунзеден комиссия келип, балдар-кыздарды ырдатып шыгын байкашты. Өзүм да ырчы болууга кызыкчумун.

Анан комиссия чакыруу жиберебиз деп кетишкен. Эки айдан кийин чакыруу барып калыптыр, “Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына келип, вокалдык бөлүмүнө тапшыр” деп. Ошентип Күрөңкеев окуу жайына келип ырдап берип, окууга өтүп кеттим.


"Азаттык": Театр өнөрүнө кандайча аралашып калдыңыз?

- Күрөңкеевде 2-курста окуп жүргөндө үнүмдү таптаганга болбой калды. Мени ырдоо сабагынан окуткан мугалим жашымды сурап калды. 16 жашка чыкканымды айтсам эжем “18 жашка чыкканда үн калыптанат, ошондуктан сен 1-курска кайра отур” деген талап койду. Ошол жылы Москвадагы ГИТИСке (Мамлекеттик театралдык окуу жайы) кабыл алуу болуп калды. Мен эч нерседен бейкапар дос кызыма сүрөөнчү болуп кошо баргам. Анан кызыгып кетип мен да сынакка кирип ырдап, бийлеп бердим. Москвадан келген комиссия жактырып, мени окууга кабыл алышты. Ошондо Кыргызстандан 29 кыз-улан барганбыз.

“Эсимде” деген аталыштагы спектаклдин жаңы варианты
Ошентип 1967-жылы Москвадагы театралдык окуу жайына окууга өткөн Дүйшөн Байтобетов, Мукамбет Токтобаев, Марат Алышпаев, Назира Мамбетова сыяктуу 29 таланттуу кыз-уландар менен Гүлайым Каныметова да билим алып, табигый шыгы, ийкемдүү кыймылы, ырчылык жөндөмү менен айырмаланып, окутуучуларынын купулуна толот.

- Бизге театр реформатору Константин Станиславскийдин шакирти, СССРдин эл артисти, профессор Иосиф Моисеевич Раевский таалим-тарбия берди. Ошондой эле азыркыга чейин театралдык Академияда иштеп жаткан балдарды окутуп жаткан Леонид Топчиев, Нина Викторовна Чефранова окутушкан. Алар талапты катуу койчу. Ошентип 29 баладан жыйырма төртү окууну ийгиликтүү аяктап келгенбиз.

Мына ошол 24 кыз-улан Москвадагы театралдык окуу жайында дипломдук алты спектакль даярдап келишип, коомдук жана мамлекеттик ишмер Султан Ибрагимовдун демилгеси менен 1972-жылы Ош облустук кыргыз драма театры ачылат.

Гулайым Каныметова Ош театрындагы 20 жылдык чыгармачылык жолунда Чеховдун “Чайка”, Мольердин “Көпөс”, Горькийдин, “Акыркылар”, Симоновдун “ Биздин шаардык жигит”, Адылбек Дыйканбаевдин “Муүрөктүн суусу” жана башка спектаклдерде башкы каармандардын образын мыкты жаратып, сахна чебери атыгат.

Кийин турмуш шартына байланыштуу Шаршен атындагы Чүй театрына которулуп, эки жыл иштегенден кийин, Улуттук кыргыз драма театрына чакырылат.

Ал жерде Шекспирдин “Гамлет”, Жалил Садыковдун “Адам жана Азезил”, Төлөгөн Касымбеков менен Көчкөн Сактановдун “Курманжан датка” жана башка ондогон спектаклдерде жогорку чеберчилигин көрсөтүп, Кыргыз эл артисти наамына, Мамлекеттик Токтогул сыйлыгына татыктуу болду.

Каныметова Түп районундагы Тасма деген айылда 1949-жылы туулган.

Ушул тапта Каныметова Арсен Өмүралиев атындагы шаардык драма театрда “Эсимде” деген аталыштагы спектаклдин жаңы вариантына, моноспектаклге даярдык көрүүдө.
XS
SM
MD
LG