Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:05

Түштүк Судан БУУнун 193-жаңы мүчөсү болуп калды


БУУнун Башкы жыйыны Түштүк Суданды 193-мүчө катары кабыл алды. Бул өлкө өткөн ишембиде Судандан бөлүнүп, өз алдынча мамлекет болгон эле. Бөлүнүүнү аймактын тургундары январ айындагы референдумда колдоп добуш беришкен.

Түштүк менен түндүктүн ортосундагы 20 жылдык согушта 2 милллиондон ашык кишинин өмүрү кыйылып, 4 миллион адам үй-жайынан ажыраган.

Судан 1956-жылы өз алдынчалык алып, бирок мусулман арабдар басымдуулук кылган түндүк менен негизинен кара түстүү христиандар жана шаман диндерин тутунгал элдердин ортосунда согуштар токтобой келди. Түштүк Суданда Бириккен Улуттардын жети миң чакты тынчтык күчтөрү бар.

XS
SM
MD
LG