Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:41

News Corp. – Чалгын кызматынын иликтөөсүндө


News Corporation ишканасынын журналисттери 2001-жылы 11-сентябрдагы террордук чабуулдун курмандыктарынын телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоого аракеттениши ыктымал деген шектенүүнү АКШнын Федералдык чалгындоо кызматы иликтей баштады. Дүйшөмбү күнү Британия маалымат каражаттары News of the World гезитинин журналисттери террактын курмандыктарынын телефон сүйлөшүүлөрүнүн тасмасын полицияга сунуш кылып, акча сурагандыгы тууралуу жазып чыкты. Медиа-магнат Руперт Мөрдок журналисттери миңдеген адамдардын телефондорун мыйзамсыз тыңшаган деп айыпталып жаткан News of the World гезитин шейшемби күнү жапкан. Бейшембиде анын аткаруучу директору Нил Уоллис камакка алынды. Келерки аптада ата-бала Мөрдоктор Британия парламентинде жаңжал боюнча суроолорго жооп берет.

XS
SM
MD
LG