Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:29

Укук коргоочулар апрель сотунда коопсуздук сакталбаганына кабатыр


“Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борбору жана Аскер кызматкерлеринин укугун коргоо комитети апрель окуялары боюнча соттук жараянда коопсуздук сакталбай жатканын айтып, билдирүү таркатышты. Мындай билдирүүгө 13-июлда жабырлануучулар менен айыпталуучулардын жактоочуларынын ортосунда чыккан карама-каршылык себеп болгон.

“Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова соттук жараянда башынан бери коопсуздук чаралары көрүлбөгөнүн, мындан улам апрель соту адилет өтөт деп айтуу кыйын экендигин “Азаттыкка” билдирди.

Укук коргоочулар соттук териштирүү учурунда коопсуздукту толук камсыз кылууну өкмөттөн талап кылышууда.

7-апрелдеги ок атуулар боюнча соттук жараян алгач ноябь айында Бишкектеги Спорт ордосунда башталган. 30-ноябрдын таңында имараттын жанындагы жардыруудан соң ишти кароо белгисиз мөөнөткө жылдырылган болчу. 18-мартта соттук ишти Бишкек гарнизондук Аскер сотунун судьясы Дамир Оңолбеков жетектеген жаңы курам Бишкектеги Жаза өтөө департаментинин имаратында териштире баштаган. Жогорку Сот соттук териштирүүдө коопсуздук толук камсыз кылынганын ачыктаган.

Бул сотто 2010-жылдын 7-апрелиндеги ок атууларга тиешеси бар жана Бакиевдин бийлиги тушунда бир катар мыйзамсыз аракеттерге аралашкан деген айып менен 28 аткаминер сот жообуна тартылууда. Учурда 300дөн ашык жабырлануучунун жарымына жакыны көрсөтмө берип бүттү. Соттук жараян 18-июлда уланууга тийиш. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG