Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Балдардын жайкы эс алуусун уюштуруучу штаб түзүлдү


Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирүүдө. Республикалык штаб жай айларында Кыргызстандагы өспүрүмдөрдүн эс алуусуна шарт түзүү тууралуу өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев менен Кыргызстандын Кесиптик кошуундар федерациясынын жетекчиси Канатбек Осмоновдун бирдиктүү токтомуна ылайык түзүлдү.

Республикалык штабдын жетекчиси болуп вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов бекитилди. Мындан тышкары өлкөнүн бардык аймагындагы мамлекеттик уюм жана органдарга жай ичинде колдон келишинче көп балдардын эс алуусун камсыз кылуу сунушу жөнөтүлдү. (KKs)

XS
SM
MD
LG