Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Бишкек дүйнөдөгү эң арзан 5 шаардын катарына кирди


АКШдагы CNN каналынын CNN Money деп аталган басылманын иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча, Бишкек дүйнөдөгү эң арзан деп аталган шаарлардын катарында бешинчи орунду ээледи.

Биринчи орунда Пакистандын Карачи шаары, экинчиде Никарагуанын Манагуа шаары, үчүнчү катарда Боливиянын борбор калаасы Ла-Пас, ал эми төртүнчү орунда Эфиопиянын борбору Адис-Абеба турат. Бул өлкөлөрдө кадимки "Кока-коланын" бир бөтөлкөсү жарым доллардын тегерегинде экен.

Ал эми дүйнөнүн эң кымбат шаары болуп Анголанын Луанда шаары табылды. Бул шаарда бир айга үйдүн батири 7 миң доллардан ашык турат. Кымбат шаарлардын кийинки катарын Токио, Нджамена, Москва жана Женева шаарлары толуктайт.

CNN Money басылмасынын иликтөөсүндө дүйнөнүн 200гө жакын шаарларындагы баалар эске алынган. (KKs)

XS
SM
MD
LG