Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:44

Конституциянын брайл шрифттери менен терилген үлгүсү чыкты


Бүгүн көзү көрбөгөндөр үчүн Брайл шрифти менен терилген Кыргызстандын Баш мыйзамынын бир канча үлгүсүн депутат Дастан Бекешов “Азиздер жана дүлөйлөр” коомунун өкүлдөрүнө тапшырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашты. Жолугушуу учурунда “Азиздер жана дүлөйлөр” коомунун жетекчиси, коомдук ишмер Калык Мамбетакунов Кыргызстандын Конституциясы биринчи жолу көзү азиздерге ылайыкташтырылганын, буга чейин Брайл шрифттери менен терилген Конституциянын үлгүсү даярдалбаганын ачыктады.

Өз сөзүндө депутат Дастан Бекешов алдыңкы жылдары Кыргызстанда көзү көрбөгөндөр үчүн адабий китептерди басып чыгаруу иши колго алынарын билдирди. (KKs)

XS
SM
MD
LG