Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:00

Расмий Баку Арменияны айыптады


Расмий Баку оюнчукка катылган жардыргыч заттын жарылуусунан набыт болгон 13 жаштагы Азербайжан кыздын өлүмү үчүн коңшулаш Арменияны күнөөлөдү. Бул кыз бейшемби күнү дарыяда агып бараткан куурчакты үйүнө алып келип ойноп жатканда оюнчук жарылып, ажал тапкан. Окуя Азербайжандын батышындагы Арменияга чек аралаш Товуз районунда болгон. “Жардыруу Армения чек ара аймагындагы тынч жашаган элге каршы провокацияны улантып жатканын күбөлөйт”,-деп билдирди Азербайжан президенттинин кеңсесинин өкүлү Али Хасанов.

Баку жана Ереван Тоолуу Карабак боюнча узак жылдардан бери араздашып келет. Армян калктуу аймакты 1990-жылдардын башында Армения басып алган.

XS
SM
MD
LG