Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:55

Нарында өрттөлгөн базарды оңдоо үчүн марафон өткөрүлдү


Нарын шаарында июлдун башында күйүп кеткен “Мукаш-Ата” базарын калыбына келтирүү үчүн бүгүн марафон өткөрүлүп, жыйынтыгында 600 миң сомдой каражат чогулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Нарын шаардык мэриясынан кабарлашты. Бул каражат күйүп кеткен базарды жана күркөлөрдү оңдоо үчүн жумшалмакчы.

5-июлда түнкү 11лер чамасында Нарын шаарындагы “Береке” жана “Мукаш-Ата” базарларын өрт чалган. Чукул кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын билдиришинче, өрттөн эки базар толугу менен күйүп кеткен. Мындан тышкары базардын айланасындагы 10дон ашуун күркөлөр жабыркаган. (ErB/KKs)

XS
SM
MD
LG