Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

18-июлдагы симпозиумга АКШ мамдепартаментинен өкүлдөр келет


18-20-июлда Бишкекте өтө турган “Ийгиликтин стратегиялары” аттуу Борбор Азия жана Ооганстан аялдарынын экономикалык симпозиумуна АКШнын Мамлекеттик департаментинин глобалдык аялдардын маселелери боюнча элчиси Меланни Вервир жана АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия маселелери боюнча жардамчысы Роберт Блейк катышат. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирүүдө.

Мындан тышкары симпозиумга саясатчы аялдар жана жеке менчик ишканалардын ээлери, билим берүү тармагынын жана жарандык коомдун жетекчилери катышып, аялдардын ишкерлигин колдоо боюнча стратегиялар тууралуу ой бөлүшөт. Иш-чараны Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева кириш сөзү менен ачат.

Симпозиумда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму, Эл аралык финансылык корпорациясы, "БУУ-Аялдары", Европа реконструкция жана өнүгүү банкы, Азия өнүгүү банкы, Ага Хандын өнүктүрүү тармагы жана башка донор уюмдар өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, келечекте ишмердүүлүгүн биздин миссиялар жана жеке сектордогу Goldman Sachs, Chevron, ExxonMobil жана Mary Kay өңдүү өнөктөштөр менен координациялоо маселелери каралат. (KKs)

XS
SM
MD
LG