Жергиликтүү Координациялоо комитетинин маалымат катчысы билдиргендей, жума күнү коопсуздук күчтөрү Дамаскиде чабуулга өткөндө өкмөткө каршы демонстрациянын дагы жүздөгөн катышуучусу жараат алды. Төрт айдан ашкан толкундоолордо демонстранттар президент Башар ал-Ассаддын кызматтан кетүүсүн талап кылышууда.