Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:30

Таласта "Шайлоо жөнүндө" мыйзам талкууга алынды


“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын Таластагы кеңсеси уюштурган жыйында, Жогорку Кеңеш 30-июнда кабыл алган “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзам талкууланды. Жыйындын катышуучулары бул мыйзамды кабыл алууда коомчулуктун пикири суралбаганын сынга алышып, андагы бир катар беренелер туура эмес экендигин билдиришти.

Маселен, “Жогорку Кеңештин депутаты президенттикке талапкерлигин көрсөтүп, шайлоодон өтпөй калса кайра депутат болуп иштей алат” деген берене катышуучулардын нааразылыгын жаратты. Мындан улам жыйынга катышкан жарандык коомдун өкүлдөрү, укук коргоочулар парламент бул жагдайга көңүл бурушу керектигин белгилешти.

Кыргыз парламенти “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамды 30-июндагы жарым жылдык сессиясынын акыркы отурумунда кабыл алган. Анда бул мыйзамды колдоп, парламенттин көпчүлүгү добуш берген. (MbA/KKs)

XS
SM
MD
LG