Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:51

Орусияда “Булгарияны” бүгүн суудан алып чыгышат


"Булгарияны" ушул эки кран сууруп чыгарышы керек
"Булгарияны" ушул эки кран сууруп чыгарышы керек
10-июлда 200дөн ашуун жүргүнчүнү артып бараткан “Булгария” кемеси Татарстандын аймагында Волга дарыясына чөгүп кеткен. Кемени 20 метрлик тереңдиктен сууруп чыгаруу үчүн эки килейген кранды колдонуп жатышат. Куткаруучулар 114 адамдын өлүгүн табышты, дагы 15 кишинин дайыны белгисиз. 79 адам куткарылды. Премьер-министр Владимир Путин кемеде жүргүнчүлөрдүн саны уруксат берилген чектен ашып кеткенин жана коопсуздук чаралары сакталбаганын кырсыкка негизги себеп деп атаган.

XS
SM
MD
LG