Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:03

7-апрель окуясы боюнча сот уланат


Бүгүнкү отурумда апрель окуясынын жабырлануучулары көрсөтмө беришет. Соттук жараянга катышуучулар тизме менен гана киргизилерин өткөн жумада сотко төрагалык кылуучу билдирген. Ага сот процесси жүрүп жаткан учурда тараптардын кагылышып, натыйжада бир кишинин ооруканага жеткирилиши негиз берген эле. Сотто көрсөтмө берип жаткан жабырлануучуга айыпталуучулардын адвокаты берген суроо чагым катары кабылданып, тараптардын айтышуудан башталган чатагы отургучтар, суу куюлган бөтөлкөлөр менен атышууга чейин жеткен. Бул окуядан кийин «Жарандар коррупцияга каршы» коомдук уюму сотко катышуучулардын коопсуздугун камсыздоону талап кылып, бийликке кайрылды.

7-апрель окуясы боюнча 28 киши айыпталууда. «Куралсыз элге ок аткан, ок атууга буйрук берген» деген айып мурдагы президент Курманбек Бакиев, мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыев баштаган мамлекеттик жетекчилерге, атайын күч кызматынын кызматкерлерине тагылган. Айыпталуучулардын алтооно эл аралык издөө жарыяланып, сырттан соттолууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG