Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Дин иштери боюнча комиссияны жоюу демилгеси козголууда


2010-жылдагы ажылык сапарды уюштуруудагы мүчүлүштүктөрдү иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусуна ылайык, Жогорку Кеңеш атайын токтом чыгарып, анда Кыргызстанда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияны жоюу жана анын ыйгарым укуктарын Юстиция министрлигине өткөрүп берүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан бүгүн кабарлашты.

Мындан тышкары парламент Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын алдында Коомдук байкоочу кеңеш түзүү, Кыргызстанда Сауд Аравия элчилигин, же башкы консулдугун ачуу маселесин чечүү демилгесин көтөрүүдө. Ошондой эле 2010-жылдагы ажылык сапарды уюштурууда коррупциялык аракеттерге жол берген адамдарды жоопкерчиликке тартуу сунушу токтомдо белгиленген.

Ажылык сапардын айланасындагы айың-кептерди иликтөөчү депутаттык комиссия ушул жылдын 4-февралында түзүлгөн. Комиссия иликтөөсүнүн жыйынтыгында бул сапарды уюштурууда олуттуу кемчиликтер кетирилгенин белгилеген. (KKs)

XS
SM
MD
LG