Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:04

Араванда чатак чыкты


Аравандын борбордук базарынын айланасында бүгүн эки адам чатакташа кетип, алардын тарапкерлери заматта базарга топтоло калган. Бул маалыматты Араван районунун акими Пайзилла Мырзабарамов “Азаттыкка” тастыктап, учурда чогулгандар таркаганын, аймакта абал тынч, баары жайында экенин билдирди. Аким базарга канча адам чогулганын ачыктаган жок.

Ал эми АКИпресс маалымат агенттигинин билдиришинче, 17-июлда Араван районунун Чек-Абад айылынын тургуну, кыргыз улутундагы 45 жаштагы таксисти жергиликтүү башка таксистер сүзүп кетишкен. Жабыркаган таксист ооруканага жаткырылган. Бүгүн Чек-Абад айылынын 500дөй тургуну райондук базардын алдына чогулушуп, бул факт боюнча чара көрүүнү талап кылышкан.

Бул жагдай боюнча Ош облустук ички иштер башкармалыгы менен байланышуу азырынча мүмкүн болбой жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG