Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:47

Чукул кабар: Сел коркунучу сакталууда


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча, 20-июлга чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде нөшөрлүү жаанга байланыштуу сел жүрүү коркунучу бар.

19-июлда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 31…36, Талас облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 28…33, Баткен облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 31…36, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28, Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 24…29 градус жылуу. Тоолордо түнкүсүн -2…+3 градус, күндүз 7…12 градус жылуу болору күтүлүүдө.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 31…33 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG