Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:20

Мыйзамсыз тургузулган курулуштар бузулат


Бишкек шаар мэриясы шаарга караган Тынчтык жаңы конушуна мыйзамсыз курулган турак-жайларды түрттүрмөкчү. Бүгүн боло турган иш-чара шаардык жеке менчик турак-жай департаменти менен биргеликте жүргүзүлөт. Мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мыйзамсыз курулган турак-жайларды түрттүрүү башка жаңы конуштарда да жүргүзүлүүсү күтүлүүдө.

Бишкек шаарынын айланасына элүүгө чукул жаңы конуш жайгашкан. Көпчүлүгүндө мектеп, оорукана, балдар бакчалары сыяктуу социалдык объекттерге бөлүнгөн жерлер жең ичинен сатылып, ал жерлерге үйлөр курулуп кеткен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG