Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:06

Алижан Насировдун тасмасы Канск фестивалына катышат


Кыргызстандык кинорежиссер Алижан Насировдун “Суу” аттуу кыска метраждуу тасмасы Орусиянын Красноярск крайындагы Канск шаарында өтө турган эл аралык фестивалга катышуу жолдомосун алды. Бул тууралуу кинотаануучу Гүлбара Төлөмүшова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бул кинофестивал 19-августта башталып, 27-августка чейин созулат. Канск фестивалы быйыл 10-жолу өткөрүлгөнү турат.

Кыргызстанда бир айылдагы суунун жетишсиздигин көрсөткөн бул тасма ушул жылдын жаз айларында тартылып, жакында Алмытада өткөн “Бастау” кинофестивалында “мыкты режиссерлук иш” деп табылган. Режиссер Алижан Насировдун буга чейинки “Кыштоо” аттуу тасмасы да бир нече эл аралык сынактарда байгелүү орундарга ээ болгон. (KKs)

XS
SM
MD
LG