Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:07

Абакировдун жактоочусу сот өкүмүнө макул эмес


Кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү деп айтылып жүргөн Максат Абакировго карата Бишкектеги Биринчи май райондук соту чыгарган өкүмгө анын жактоочусу макул болбой, Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашты.

17-июнда Биринчи май райондук соту Максат Абакировду 2 жыл 3 айга эркинен ажыраткан. Ага кылмыш кодексинин “талап-тоноого жана киши өлтүрүүгө катышкан”, “курал-жарактардын мыйзамсыз алып жүргөн” өңдүү бир катар беренелери боюнча айып тагылган.

31 жаштагы Максат Абакиров өткөн жылдын сентябрь айында кармалган. Бул адам кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү аталган маркум Рысбек Акматбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү катары укук коргоо органдарынын тизмесинде киргизилген. Абакиров 2007-жылдын октябрь айында Балыкчы округунан парламенттин депутаттыгы үчүн ат салышып, утуп да чыккан. Азыр ал Улуттук коопсуздук комитетинин убактылуу кармоочу жайында камакта отурат. (KKs)

XS
SM
MD
LG