Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Батыровдун соту алтынчы жолу жылдырылды


Жалал-Абаддагы кабарчыбыз Ырысбай Абдраимов бүгүнкүгө белгиленген соттук жараян жабырлануучулардын жана жактоочулардын келбей калганынан улам 21-июлга жылдырылганын кабаралады. Бүгүнкү соттук ишке 60 жабырлануучунун ичинен бир жабырлануучу жана эки күбө гана келген.

Кадыржан Батыров, Иномжан Абдурасулов жана Халилжан Худайбердиев баштаган алты адамга былтыркы июнь окуялары учурунда “массалык башаламандыктарды уюштурган”, “элди бөлүп-жарууга аракеттенген”, “улут, дин жана аймактар аралык касташууну козуткан” деген бир катар беренелер боюнча айыптар тагылууда.

Айыпталып жаткандар башка өлкөдө жүргөндүктөн, аларга өкүм сырттан угузулмакчы. Буга чейин Кадыров айрым маалымат булактары аркылуу Кыргызстанда өзүнө тагылып жаткан күнөөлөрдү четке каккан. (KKs)

XS
SM
MD
LG