Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Баткенде зилзаладан бир катар айылдар жарыксыз калды


Бул тууралуу Чукул кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бүгүн түнү болгон жер силкинүүнүн натыйжасында Баткендин Кадамжай районундагы Кадамжай, Пүлгөн, Тамаша, Кызыл-Булак, Халмион, Охна жана Яркутан айылдарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурады. Буга жер титирөө учурунда 110кВт жогорку чыңалуудагы “Металург” подстанциясындагы трансформатордун релстен чыгып кетип, кыйшайып, майы агып кетиши себеп болгон.

19-июлдан 20-июлга оогон түнү саат 1:35те Баткен аймагында жер титирөө катталып, анын очогу облустагы Совет айыл округунда 7-8 баллга жетти. Айдаркен шаарчасында 7 балл, Баткен шаарында 6 балл, Кызыл-Кыя, Ноокат шаарларында 5,5 балл, Ош шаарында 5 баллды түздү. Жалал-Абат облусунун Таш-Көмүр шаарында 3-4 балл, Бишкекте 2-3 баллдык күчү байкалды. Силкинүү ошол эле түнү саат 2:46 жогорку аймактарда кайталанып, Совет айыл округунда 2 баллды түздү. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча адам өмүрүнө зыян келген фактылар азырынча катталган жок.

Чукул кырдаалдар министрлиги ушул тапта атайын түзүлгөн топ кырсыктын кесепетин иликтеп жатканын билдирүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG