Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:50

Орусиядан бензиндин жаңы партиясы 21-июлда Кыргызстанга келет


Бул тууралуу “Газпром Нефть Азия” компаниясынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, ушул тапта Орусиянын Астрахан, Салават жана Куйбышев мунай иштетүүчү ишканаларынан ири көлөмдөгү бензин келе жатат.

Алардын алгачкы бөлүгү Кыргызстанга ушул бейшемби күнү жетет. “Газпром Нефть Азия” компаниясы бул апта ичинде АИ-92 үлгүсүндөгү бензинге болгон чектөөнү алууну пландап жатат. Ал эми келерки аптада АИ-95 үлгүсүнөн да чектөөлөр алынмакчы.

Буга чейин Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы Орусиядан 6,5 миң тонна бензин келе жатканын, мындай көлөмдөгү күйүүчү май кардарларды 1-сентябрга чейин камсыз кылууга жетерин билдирген.

1-июлдан тарта Кыргызстанды күйүүчү май менен камсыз кылып турган Орусиянын Омск мунай иштетүүчү компаниясы Кыргызстанга күйүүчү май берүүнү токтоткон. Буга Орусиянын өзүндөгү жана Казакстандагы май тартыштыгы себеп болгон. (KKs)

XS
SM
MD
LG