Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:00

Президент "Мунапыс тууралуу" мыйзамга кол койду


Президент Роза Отунбаева “Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө” мыйзамга кол койгонун президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Мыйзам жарыялангандан тартып күчүнө кирип, үч айдын ичинде аткарууга жатат. Бул мыйзамды көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган кызматкерлер жоопкерчиликке тартылышат.

“Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө” мыйзамга ылайык, прокурордун санкциясы жана тиешелүү мекеменин башчысынын токтому менен Кыргызстандын абактарындагы олуттуу коркунуч келтирбеген жана өтө оор эмес кылмыштарды жасаган, түрмөдө тартип сактаган жарандар бошотулат.

Мындан тышкары бул мыйзам менен курагы 55 жаштан өйдө болгон аялдар, 60 жаштан жогору курактагы эркектер, I жана II топтогу майыптар, кош бойлуу аялдар, кылмыш жасап, келтирилген материалдык зыяндын ордун толтургандар эркиндикке чыгышат. Ошол эле убакта өмүр бою эркинен ажыратылгандарга, мурда мунапыстан пайдаланып кайрадан кылмыш жасаган адамдарга, жаза өтөө тартибин бузгандарга мунапыс берилбейт.

Кыргызстанда жалпысынан 17 миңге жакын соттолуучу бар болсо, мунапыс 1500дөн 3 миңге чейинки соттолуучуга берилери болжолдонуп жатат. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG