Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:41

2012-жылы Кыргызстанда ак илбирсти сактоо боюнча форум өтөт


Бул тууралуу Германиянын Жаратылышты коргоо бирикмесинин өкүлү Борис Тихомиров Ысык-Көлдөгү Ананьево айылында президент Роза Отунбаева менен жолугушуусунда билдирди. Анын айтымында, бул форумда дүйнө жүзүндө азайып бара жаткан ак илбирстин тукумун сактап калуунун жолдору талкууланмакчы. Иш-чараны Германия канцлери Ангела Меркель да колдоого алууда.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Роза Отунбаева Ысык-Көлгө жасаган иш сапарында Ананьево айылындагы Германиянын колдоосу менен түзүлгөн Жапайы жаныбарларды калыбына келтирүү борборунун иши менен таанышты. Бул борбордо 7 ак илбирс багылат. (KKs)

XS
SM
MD
LG