Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:05

Өмүралиев өкмөттүн парламенттеги өкүлү болуп дайындалды


Премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Эсенгул Өмүралиев өкмөттүн парламенттеги туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты. Буга чейин өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү болуп Данияр Нарынбаев иштеп келген. Ал июнь айынын этегинде өз ыктыяры менен кызматтан кеткен.

Эсенгул Өмүралиев болсо мурдагы бийликтин тушунда Ысык-Көл облусунун губернатору болуп иштеген. Ага чейин бир катар министрликтерде эмгектенип, биринчи вице-премьер-министрлик, элчилик кызматтарды да аркалаган. (KKs)

XS
SM
MD
LG