Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Баткен зилзаласынын чоо-жайы


Белгилүү саясий ишмер Абдыкадыр Орозбековдун Кадамжай шаарчасындагы эстелиги жер титирөөдөн улам үч жеринен жарака кетти. 20-июль. (Сүрөттү Кадамжайдан "Азаттыкка" Муктар Усманов сунуштады.)
Белгилүү саясий ишмер Абдыкадыр Орозбековдун Кадамжай шаарчасындагы эстелиги жер титирөөдөн улам үч жеринен жарака кетти. 20-июль. (Сүрөттү Кадамжайдан "Азаттыкка" Муктар Усманов сунуштады.)

20-июлга караган түнү Баткен облусунун аймагында күчү 7-8 баллга жеткен жер титирөө болду.

Кырсыктан жети адам жеңил жаракат алып, азырынча 83 имарат кыйроо абалында турганы белгилүү болду. Бактыга жараша өлүм-житим жок.


Кырсык каш-кабактын ортосунда



Жер титирөөдөн жабыркаган үйлөр

Жер титирөөнүн очогу облустагы Совет айыл округунда болуп, күчү 7-8 баллга жеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекилов бүгүн таң эрте "Азаттыкка" кабарлады. Силкинүүнүн күчү Айдаркен шаарчасында 7 балл, Баткен шаарында 6 балл, Кызыл-Кыя, Ноокат шаарларында 5,5 балл, Ош шаарында 5 баллды түздү. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында 3-4 балл, Бишкекте 2-3 баллдык күчү байкалды.

Силкинүү түнү саат 2:46да жогорку аймактарда кайталанып, Совет айыл округунда 2 баллды түздү. Бактыга жараша кырсыктан адам өмүрүнө зыян болгон жок.

Кадамжай райондук салык инспекциясынын бир бөлмөсү жер титирөөдөн кийин, 20-июль. (Сүрөттү Кадамжайдан Муктар Усманов сунуштады.)

Жергиликтүү жарандык коргоо комиссиясы менен ӨКМдин ыкчам топтору иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат. Жер титирөөнүн кесепетинен Ош-Баткен-Исфана жолунун 125-130-чакырымдарына таштар кулаган. Жолго түнү менен жол тазалоочу техникалар тартылып, таштардан тазаланды. Ошондой эле 110 кВт жогорку чыңалуудагы “Металлург” подстанциясы бузулуп, натыйжада Кадамжай, Тамаша, Пүлгөн, Кызыл-Булак, Халмион, Орозбеков, Жаркотон айыл округдары электр энергиясыз калган. Булар бүгүн түшкө чейин берилген маалыматтар.



Зилзала кесепети такталууда


Кадамжайда жүргөн кабарчыбыз Амирбек Азам уулу ушул эле күнү "Азаттыктын" кечки алтыдагы берүүсүнө түз байланышка чыккан учурда Кадамжай райондук ооруканасына түндөгү кырсыктан жапа чеккен жети адам кайрылганын, жеңил жаракат алган алардын бешөө жардам көрсөтүлгөн соң үйлөрүнө жиберилгенин, мээси чайкалды делген эки адам ооруканага жакырылганын кабарлады. Кабарчыбыз ошондой эле Кадамжай жана Баткен райондорунда азырынча 83 үй авариялык абалда экени белгилүү болгонун билдирди. Кечке чейин көпчүлүк аймактарда электр энергиясын берүү калыбына келтирилди.

Полотхандын эстелиги жер титирөөдөн кийин, 20-июль. (Сүрөттү Кадамжайдан Муктар Усманов сунуштады.)
"Түндөгү силкинүүдөн кийин элдин көпчүлүгү кайра үйлөрүнө киргенден кооптонуп, сыртта жүрдү. Эл арасы азыр тынч, бирок "жер титирөө кайра кайталанбайбы" деген чочулоо бар. Тиешелүү кызматтар, жергиликтүү бийликтегилер зилзаладан кийинки абалды иликтөө иштерин ыкчам жүргүзүп жатат. Аймакты кыдырып жүрүп, элдик эски ыкма - сынч менен курулган имараттар эч кандай жапа чекпегенин, тескерисинче кийинчерээк курулган үйлөрдүн бир тобунун дубалдарында 5-6 сантиметрге чейин жарака кеткенин байкадык. А түгүл Кадамжай шаарчасындагы "Баатырлар аллеясына" бир ай мурда эле тургузулган советтик Кыргызстандын алгачкы жетекчиси Абдыкадыр Орозбековдун айкели үч жеринен чарт бөлүнүп кеткен. Ушул жердеги Полот хан менен Кыргызстандын дагы бир мурдагы жетекчиси Абсамат Масалиевдин эстеликтери да жапа чегиптир", - деди кабарчыбыз Амирбек Азам уулу.

Учурда Кадамжайда жүргөн чукул кырдаалдар министри Болот Борбиев да "Азаттыктын" түз обосунда суроолорго жооп берип, аймакта 83 турак-жай аварияык абалда экенин, бактыга жараша кырсыктан кишилей чыгым болбогонун тастыктады. Министрдин айтымында, азыр авариялык абалда делген үйлөрдүн жашоочуларын коопсуз жайларга көчүрүү аракеттери көрүлүүдө жана азыркы абалды жөнгө салууга министрликтин күчү жетет. Зилзала кесепеттери боюнча толук маалымат азыр иштеп жаткан атайын топтордун корутундусунан кийин белгилүү болот.

Кыргызстандын сейсмология институтунун директору Канат Абдрахматов болсо зилзала качан болоорун так айтууга азырынча илим алсыздыгын, өнүккөн өлкөлөрдө да бул мүмкүн эместигин "Азаттыкка" билдирди. Директор канткен менен институт 2020-жылга чейин өлкөнүн кайсы аймактарында катуу жер титирөө болушу мүмкүндүгү белгиленген атайын картаны Чукул кырдаалдар министрлигине киргизгенин айтып, ошого жараша катуу жер титирөө болушу мүмкүн делген жерлерде коопсуздук чараларын, даярдык иштерин күчөтүү зарылдыгын кошумчалады.

Зилзаладан Өзбекстанда 13 адам ажал тапты

Өзбекстан -- Жер титирөөдөн жапа чеккен Риштан районундагы балдар ооруканасынын имараты, 20-июль.
Кечээ түнү кыргыз-өзбек чек арасында болгон бул зилзалада Өзбекстандын Баткенге чектеш Фергана облусунда кеминде 13 киши мерт болуп, 100 чакты киши жараат алганы расмий кабарланды. Өзбекстандын өзгөчө кырдаалдар кызматынын маалыматына караганда, кырсыкка адамдар эски турак үйлөрдүн кулашынан кабылышкан.

20-июлга караган түнү, саат бир жарым ченде эки ирет жер силкинип, анын биринчиси 8 (рихтер шкаласы боюнча 6,2) баллга, экинчиси 3 баллга чейин жеткен. Зилзаланын очогу Кыргызстан аймагында катталып, анын илеби Бишкекте, Ташкенде, а түгүл Казакстандын аймагында да сезилген.

XS
SM
MD
LG