Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Британ парламенти премьер-министрди сурай баштады


Британ өкмөт башчысы Дэвид Камерон News of the World гезитиндеги жаңжал боюнча парламентте суроолорго жооп берип жатат. Ал өзүнүн мурдагы пресс-катчысы Эндри Кулсонду жумушка алуу себеби тууралуу суроого жооп берди. «Азыр эмне болорун мурда билсем мен ага кызмат сунуштабайт .элем жана ал андай кызмат орунду ээлемек эмес. Бирок келечекти алдын ала туюп, чечим чыгара албайсың да, Чечимди учурга жараша кабыл аласың. Биз жашап атып үйрөнөбүз» деди ал.

Кэмерон өзүнүн мурдагы маалымат катчысы Кулсон премьер-министрди алдаганы үчүн, телефон тыңшоолор тууралуу маалыматты билген болсо, полиция жөнүндө жалган маалымат бергендиги чын болсо кылмыш жообуна тартылат деп билдирди. Кулсон телефон тыңшоолор тууралуу мурда маалыматы болгон деген негиз менен айдын башында камакка алынган. Телефон байланыштарын мыйзамсыз тыңшоолордон 4 миң киши жабыр тарткандыгы кабарлануда. Алардын ичинде согушта өлгөн британ аскерлеринин үй-бүлөлөрүнөн тарта коомдук ишмерлерге чейин бар.Кечээ парламенттик комиссияда 80 жаштагы медиамагнат Руперт Мөрдок жаңжал үчүн кечирим сураган.

Парламентте кечээ суроолорго News Corporation компаниясынын башчысы Руперт Мердок, уулу Джеймс жана News of the World гезитинин мурдагы баш редактору Ребека Брукс жооп беришти.

XS
SM
MD
LG