Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:06

Ош: калыбына келтирүүдөгү карама-каршылык


Ош шаарынын Сулайман тоодон көрүнүшү.
Ош шаарынын Сулайман тоодон көрүнүшү.

Азия өнүктүрүү банкы Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү иштери жергиликтүү тургундардын каалоосуна жараша жүргүзүлбөсө каржылоону токтото тургандыгын билдирди.

Мындай эскертүү Ош шаарында жабырлануучулардын үйлөрүн куруунун экинчи баскычын баштоого жергиликтүү бийликтин уруксаты кечигип жаткандыгынан улам келип чыккан. Учурда үйлөрдү калыбына келтирүүгө уруксат документтери бериле баштады.

Мээнети көп шаар мерчеми

Ош шаардык архитектура башкармалыгы айрым жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирүүнүн экинчи баскычын баштоого уруксат берүүнү кечеңдетип келген. Анткени жаңыдан иштелип чыгып жаткан шаар курулушунун башкы мерчемине ылайык, аталган аймактардан газ куурларын өткөрүү, санитардык тилкени жана көчөлөрдү кеңейтүү жагы каралган. Мындан улам, шаар бийлиги менен мамлекеттик дирекциянын ортосунда келишпестиктер орун алган.

Ош шаар мэринин биринчи орун басары Таалай Сабиров бул маселеде эки убара болуп олтурбай, башкы мерчем боюнча иш алып баруу жагын гана көздөшкөндүгүнө токтолду:

- Биз ошол жерлердеги жарандарга түшүндүрүп жатабыз. Азыр силерге эч ким тийбейт, бирок биздин башы генплан ишке аша баштаганда сиздер кандай гана болбосун башка жакка көчүүгө туура келет. Бирок ал үчүн бийлик үйүңөрдүң ордун толуктап, башка жерден участок берип, үй куруп берүүгө милдеттенет деп айтканбыз. Себеби биздин шаарыбыз жогору карай өсүш керек. Эл көбөйдү, машиналар көчөлөргө батпай жатат. Жолдорду кеңеётишибиз керек. Айрым эл аралык уюмдар мына ушул жагдайды түшүнбөй эле, биз булардын үйлөрүн сурабай эле бузуп-талкалап жибере тургандай кабыл алып жатышат. Биз болгону шаардын башкы генпланы боюнча гана эмитеден иш алып баруу маселесин койгонбуз.


Каржылоонун токтоп калуу коркунучу


Ошол эле учурда эл аралык донор уюмдар жана Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция бул маселеге башка өңүттөн карайт. Мына ошого байланыштуу Азия өнүктүрүү банкы шаардын иштелип чыгып жаткан башкы мерчеми менен эмес Кыргызстан өкмөтү өткөн жылы өзүнө алган милдеттенмесинин негизинде иш алып барышын талап кылып чыкты. Анда тургундарды мажбурлап көчүрүүгө мүмкүн эмес экендиги эскертилген болчу. Шартка ылайык, аталган донор уюм жабырланган үйлөрдү калыбына келтирүүгө 100 миллион АКШ долларын караган болчу.

Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев макулдашуу бузулса каржылоо токтоп калышы мүмкүн экендигин белгиледи:

- Биз мына ошондой мазмуундагы кат алдык. Мен аны жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерине тапшыргамын. Азия Өнүктүрүү банкы былтыр биздин мамлекет өзүнө алган шарттарды толук аткарууну талап кылып жатат. Эгерде каржылоо токтоп калса биздин мамлекет эле утулат да. Былтыр биз ошол макулдашууга кол коюп алып, анан эми жок андай эмес мынандай жол менен кетебиз дегенибиз бери эле дегенде беделибизди түшүрөт.

Шаардын жаңыдан иштелип чыгып жаткан башкы мерчеми боюнча Черемушки кичи району, Ош району, Гапар Айтиев жана Мажүрүм-Тал көчөлөрүндөгү айрым жабыркаган үйлөр көчүрүлүп, алардын ордуларына шаардын инфраструктурасын кеңейтүү жагы каралган. Бирок донор уюмдар буга каршы чыгышкан соң, шаар бийлиги үйлөрдү мурдагы абалында калыбына келтирүүгө уруксат берди.

Жантөрө Сатыбалдиев ортодогу талаш-тартыштардан улам курулуш иштери кечеңдеп калгандыгын айтты:

- Учурда архитектура жана курулуш көзөмөлдөө органдары уруксат берүү документтерин даярдап бере башташты. Бирок биз курулуш баштоодон бир кыйла кечигип жатабыз. Бул эми таза техникалык маселе. Эгерде башында өз убагында уруксат берилгенде биз дагы өз учурунда курулуштун экинчи фазасын баштагандай болот элек.

Аралаш отурукташтыруунун “оомал-төкмөлү”

Анткен менен жергиликтүү бийлик шаар курулушун түрдүү улуттардын аралашып отурукташуусуна ылайыкташтыруу максаты ишке ашпай жаткандыгын белгилейт. Ош мэринин биринчи орун басары Таалай Сабиров шаар курулушун көп түрдүү маданиятты камтыган алкакта ишке ашыруу жагы тоскоолдуктарга кабылгандыгын айтты:

- Биздин оюбузга коюп, донор уюмдар каржылоону шаар бийлигине бергенде биз өзүнчө бир кичи район куруп, мына ошол жерге ар кайсы улуттун өкүлдөрүн жайгаштырып, лтурукташтырат болчубуз. Мына азыр мамлекеттин акчасына курулган 3 үйдү бүтүрүп, эки улуттун өкүлдөрүнө тең бирдей кылып бөлүштүрүп жатабыз. Бирок донорлор биз айтканды жасасаң гана айткан акчаны беребиз деп маселенин түпкү көйгөйүн көргүсү келбей жатышат. Анткени биз шаар курулушун бир өңчөй улутту бир гана жерге отурукташтырбай, аралаштыралы деген оюбуз бар эле.

Ошол эле учурда өкмөт өзбек тектүү жарандар олтурукташкан маалелерди мурдагы абалында калыбына келтирүүгө милдеттенме алган менен жаңыдан иштелип чыгып жаткан шаардын башкы мерчеми андагы бир катар үйлөрдү көчүрүүнү карайт. Бирок бул долбоор расмий шартта качан бекитиле тургандыгы азырынча белгисиз.
XS
SM
MD
LG