Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:52

Гезиттер: Балтанын сабы кимдики?


Президенттик шайлоонун алдындагы саясый жүрүштөр, маектер, макалалар, майда кабарлар бүгүнкү гезиттердин негизги темаларынын бири болду

Августтун 31инде орозо айт, ноябрдын 7исинде курман айт болорун билдирген “Айат” гезити кечээ Атамбаев менен Дүйшөбаев Маскөөгө учканын,

Өткөн жуманын этегинде 3 күн катары менен Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында, тагыраак айтканда 7-апрелден кийин ээ болгон көлдүн ушул жээгиндеги 300 миң долларлык хан сарайында айтылуу Азимбек Бекназаров Кыргызстандын 40тай юристин чогултуп той өткөргөнүн,

Өткө ишембиде Бишкектин кафелеринин биринде КТРКнын эки журналист кызы Зарема Мусаева менен Мээрим Сырдыбаева экөөлөп кесиптеши Нуржан Ташполот кызын сабап салганын, таяк жеген Нуржан ооруканага жаткырылып, ишти тергөөчү Айбек Турганбаев көзөмөлгө алганын кабарлады.

Ушул эле санга саясатчы Мелис Эшимкановдун “Бийликке Суваналиев келсе – Атамбаев, Келдибеков, Бабановго окшогондор түрмөгө камалышат” деген ат менен маегинин башталышы жарыяланды.

Күйүүчү майдын күүтү журналист Балбак Түлөбаевдин макалаларында сөз болду.

“Пресс.Kg” гезити президенттикке катталгандардын саны азырынча 15 адам болгонун, жарышка түшүү үчүн ар бир талапкер шайлоочулардын 30 миң коун топтоп, БШКга 100 миң сом төгүшү керектигин кабарлады.

Ушул гезиттин суроосуна жооп берген Сейсмология институтунун деректири Канат Абрахматов Алай менен Чоң Алай, Чүй, Ош жана Баткен өрөөндөрүндө жер силкинүү коркунучу барын билдирди.

Журналист Абдубахав Мониев премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин бейнесине сүртүмдөрүн “Бригадир” деп атап, “Качан көрсөң, А. Атамбаев В. Путиндин кабылдамасында өзүнчө туу көтөргөн мамлекеттин жетекчиси катары эмес, Россиянын кайсыл бир губерниясынын же ведомствосунун жетекчиси сыңары отчет берип олтурганын көрөсүң, ушул кантип болсун” деп саясый ишмердигин катуу сынга алды.

“Де-факто” гезити, “Кыргыз сөөк, көр, анан кудай талашып калды” деген ат менен коомдук ишмер Дастан Сарыгуловдын маегин басты. Экинчи революция өзүн актабагандыгын, Бакиевдин саясатын колдоп, анын оң, сол колу болуп келгендер кайрадан бийликти ээлеп алгандыгын, буга Текебаевдин “партиялык шайлоосу” кенен жол ачып бергенин, Кыргызстан бүгүн өлкө жетекчилери да, парламенттин депутаттары да эч нерсеге жооп бербеген абалга келгенин, алдыдагы шайлоодо элди дагы бөлүп-жаруу болорун айтып ызасы келди.

Аталган гезит окурмандардын суроолоруна депутат Камчыбек Ташиевдин берген жоопторун жарыялады. Президент Роза Отунбаеванын уулу Атай туристтерди чегарадан тосуп алганын,

Таластын Кара Буурасындагы Жаңы-Жер кыштагында беш бир тууган таман акы, маңдай тери менен кантип капиталистке айланып, байып жатканын,

Эл акыны Эрнис Турсуновдун эмне кылып олтурганын, таланттуу кинорежиссер Геннадий Базаровдун атактуу “Көчө” көркөм тасмасы тууралуу кызыктуу баянды, башкы ролду ойногон белгилүү актер Чоро Думанаев менен маекти,

Эки буту баспаган Нарындык жыгач уста, бизнесмен, айылдын лидери Шералынын эмгеги жөнүндө кызыктуу баяндарды окууга болот.

“Учур” гезити “24 kg” маалымат агенттигинин “Талаа командирлери” кайда алпарат?” деген макаласын тартуулады.

Макалада көпчүлүк эксперттер Кыргызстандагы президенттик шайлоо регионализм коркунчунун алдында тургандыгын ачык билдирип, чындыгында эле жалпы улуттук лидер сыпатында таанылган саясый ишмер ат салышууга катышпай турган болсо, өлкө алдында “афганзиация” же “оогандашуу” коркунучу барын айтып жатканы тууралуу кеп болду.

Гезит трайбалисттик картаны ачык ойногон Курманбек Бакиевдин жолун жолдооулар коомдо жетишерлик экенин, кыргыз мамлекетин саясатчылар, президент болом дегендер канчалык бөлүп-жарууга аракет кылган менен өлкөнүн бүтүндүгүн карапайым калк гана сактап келатканын, азырынча түндүк-түштүк бөлүнүү оорусунан арылган, жалпы улуттук масштабда ой жүгүрткөн фигуражалгыз Өмүрбек Текебаев экендигин жазып чыкты.

“Бакиевдин экинчи аялы менен таанышпай койгом” деген ат менен “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Акылбек Жапаровдун,

Президенттин пресс-катчысы Султан Каназаровдун “Мончодо гана саясатчылардын статусу бирдей” деген маектерин окууга болот.

“Айгай пресс” гезити “Араб өлкөлөрүндө баш калкалап жүргөн Данияр Үсөнов Индонезиянын кайсы бир аралында спикер Ахмат Келдибеколв менен чайлашып, алдыдагы пландар тууралуу сүйлөшүптүр деген имиш тарады, баса Бишкектин Данияр Үсөновго таандык “дипгородок” деген хансарай үйлөрүнүн бирин Үсөновдун аялы Ахматбек Келдибековго тартуулаганы тар чөйрөдө сөз болууда” деп,

“Түштүктө Р. Отунбаева, А. Атамбаев, Ө.Текебаев, А. Бекназаров, Т. Сариев сындуу Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсүн каралаган видеотасма таратылыптыр. Анын башында Адахан Мадумаров турат деген каңшаар жүрүүдө. Эл башкаргысы келген адамдын мындай пастыкка барып, саясый элитаны кайраштыра баштаганы жакшылыктын жышааны эмес” деп кабар таратты.

“Параграф” гезити президенттикке талапкерлигин койгон Нурлан Мотуевдин “Кыргыздар жакыр жашоого акысы жок” деген аталыштагы маегине орун берди

“Асман преss” гезитине депутат Нариман Түлеев маек куруп, “Ата Журт” партиясы өткөндө “Трибуна” гезитин таркатканын, анда улуттун көзг обасар адамы Чыңгыз Айтматовду жамандатышканын белгилеп: “Ташиев ким да, Айтматов ким? Мен Ташиевдин гезитине да, өзүнө да кайрылар элем, Айтматовго асылганын токтотпосо бүтүн эл көтөрүлөт. Ушундай саясаты менен эле Ташиев президент болбойт. Ал эми Ахмат Келдибеков болсо азыр Ташиев менен да Атамбаев менен да ойноп жатат. Эки жакты эңсеп, ары-бери жүгүрүп жүрөт” деп айтты.
XS
SM
MD
LG