Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:35

АКШда өлүм жазасына өкүм кылынган кишини өлтүрүштү


2001-жылы эки адамды атып өлтүргөнү үчүн өлүмгө өкүм кылынган 41 жаштагы Марк Строманды Техас штатында уулуу зат куюлган ийне сайып өлтүрүштү. Строман Далластагы дүкөндөрдүн биринде адамдарга ок чыгарган. Ал Жакынкы Чыгыштан келгендерди өлтүрүүгө, 2001-жылдын 11-сентябрындагы теракт үчүн өч алууга аракет кылганын айткан болчу. Бирок анын огунан Түштүк Азиядан келген эки киши өлүп, бирөө жаракат алган. Строман - быйыл жыл башынан бери Техаста өлүм жазасы менен жаңы кыйылган сегизинчи адам.

XS
SM
MD
LG