Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Президент болом дегендер саны 18ге жетти


Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн президенттик шайлоого катышуу ниетин мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев, убактылу иштебеген Дамира Токтосунова, Латвиялык “Маро” ишканасынын өкүлү Сайнидин Султанидинов жана Президенттин иштери башкармалыгынын бөлүм референти Эрнис Айтымбетов билдирди.

Ал эми укук коргоо борборунун жетекчиси Игорь Трофимов талапкерликтен баш тартты. Натыйжада президенттикке талапкерлигин расмий көрсөткөндөрдүн саны 18ге жетти.

Буга чейин “Жашылдар” партиясынын атынан Эркин Бөлөкбаев, “Эл үчүн” партиясынан Арстанбек Абдылдаев, “Ата Журт” партиясынан Камчыбек Ташиев, “Бүтүн Кыргызстандан” Адахан Мадумаров, жана Коммунисттер партиясынан Исхак Масалиев президенттикке ат салыша турганын БШКга билдиришкен.

Мындан тышкары Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Осмонов, Жогорку Соттун судьясы болуп иштеп келген Барктабас Аземкулов, убактылуу жумушу жок деп белгиленген Тургунбек Нарикеев, Жылдызбек Стамбаев, ошондой эле Нурлан Мотуевдер өзүн өзү көрсөтүшкөн. Кечээ талапкерлигин өздөрү көрсөткөндөрдүн тизмесин “Московский Комсомолец Азия” гезитинин башкы редактору Улугбек Бабакулов, убактылуу иштебеген Темиркул Өмүралиев жана Коргоо министрлигинин кызматтан чегинген полковниги Болотбек Казакбаев да толуктаган.

БШК талапкерлерди каттоодон мурда, алардын экиден ыйгарым өкүлдөрү каттайт. Президенттикке талапкер каттоодон өтүп, шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк алышы үчүн 30 миң кол топтоп, 100 миң сом БШКга төгүшү керек.

Мындан тышкары бардык талапкерлер мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүүгө тийиш. 30-октябрга белгиленген президенттик шайлоого катышууну каалагандар 15-августтун кечине чейин БШКга расмий кайрылуу керек. (KKs)

XS
SM
MD
LG