Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:12

Хажичтин кармалышы кубатталууда


Балкан согушу боюнча акыркы айыпкердин кармалышын дүйнө коомчулугу кубаттап жатат. АКШ мамдептин өкүлү Жейн Карни Горан Хажичтин кармалышы Хорватиядагы аскер кылмыштарын жасагандарды жазалоо жараянын аяктоону шарттайт деп билдирди. Швед Тышкы иштер министри Карл Билдт Хажичтин кармалышы менен Европанын тарыхынын маанилүү барагы жабыларын белгиледи. Адамзатка каршы кылмыш жасады деп айыпталып келген 52 жаштагы хорват сербдеринин аскерий лидери Горан Хажич Гаага сотуна өткөрүп берилери күтүлүүдө. Ал кечээ Белградга жакын шаарчада кармалган.

XS
SM
MD
LG