Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:50

Кадыржан Батыровдун соту белгисиз мөөнөткө жылды


Жогорку Соттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, буга тараптардын бүгүнкү териштирүүгө келбей калганы себеп болду. Бүгүн соттук жараянга бир жабырлануучу жана алты күбө гана келген.

Сотко тараптардын толук катышын камсыз кылуу үчүн ишти караган Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Токтосун Жоробеков кылмыш иши боюнча материалдарды Жалал-Абад облустук прокуратурасына тапшырды.

Натыйжада 29-апрелде башталган Кадыржан Батыров баштаган алты адамдын соту ушуну менен жетинчи жолу жылдырылды.

Кадыржан Батыров, Иномжан Абдурасулов жана Халилжан Худайбердиев баштаган алты адамга былтыркы июнь окуялары учурунда “массалык башаламандыктарды уюштурган”, “элди бөлүп-жарууга аракеттенген”, “улут, дин жана аймактар аралык касташууну козуткан” деген бир катар беренелер боюнча айыптар тагылууда.

Айыпталып жаткандар башка өлкөдө жүргөндүктөн аларга өкүм сырттан угузулмакчы. Буга чейин Кадыров айрым маалымат булактары аркылуу Кыргызстанда өзүнө тагылып жаткан күнөөлөрдү четке каккан болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG