Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:52

Үгүт иштерин жүргүзүү үчүн 143 ЖМК каттоодон өттү


Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, президенттик шайлоодо үгүт иштерин жүргүзүү үчүн 143 жалпыга маалымдоо каражаты каттоодон өттү. Алардын 40ы телерадиокомпания болсо, 103ү мезгилдүү басылмалар болуп саналат.

БШКнын бүгүнкү отурумунда интернеттеги 11 маалымат агенттиктерине үгүт жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берилген жок. Буга мыйзамда интернет каражаттарынын ЖМК катары эсептелбегени себеп болду.

Президенттик шайлоо үчүн үгүт иштери 25-сентябрда башталып, 29-октябрда аяктайт. Шайлоо өзү 30-октябрда өткөрүлөт. (KKs)

XS
SM
MD
LG