Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:03

Тажикстанда уруксатсыз митингге чыккандарды жазалоо катуулайт


Өкмөт сунуштаган мыйзам долбооруна ылайык, өлкөдө бийликтер уруксат бербеген митингге чыккандарды беш жылга чейин түрмөгө отургузушу мүмкүн. Бул долбоорду парламенттин жогору палатасы кечээ жактырды. Төмөнкү палата аны үч ай мурда эле кабыл алган. Эми, эгер президент кол койсо, мыйзам күчүнө кирет.

Азырынча Тажикстанда уруксатсыз нааразылык акцияларга чыккандардын жазасы айып пул жана, ашып кетсе, 15 күндүк камак менен гана чектелет. Байкоочулар бийликтердин аракетин азыркы кымбатчылык жана Жакынкы Чыгыштагы нааразылыктар менен байланыштырышууда. АКШнын мамлекеттик департаменти адам укуктары боюнча соңку баяндамасында Тажикстанды “саясий плюрализм чектелген авторитардык мамлекет” деп атаган.

XS
SM
MD
LG