Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:23

Жер титирөөдөн ооруканалар да жапа чекти


Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Айдаркендеги аймактык ооруканалар, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараттары, Кадамжай райондук ооруканасынын үч бөлүмү жарактан чыгып калган. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Касымбек Мамбетовдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, учурда бүлүнгөн имараттардагы бейтаптарды, жабдыктарды башка жакка көчүрүү иштери жүрүп жатат.

Баткен облусунда 20-июлга караган түнү күчү 7-8 баллга жеткен жер титирөө болгон. Андан облустагы 200дөн ашуун турак-жай жапа чеккени айтылууда. Силкинүүнүн күчү Кыргызстандын бир катар облустарында жана Өзбекстан, Тажикстан, Казакстандын аймактарында байкалган. Анын кесепетинен Өзбекстанда 13 адам, Тажикстанда 1 адам каза болгону кабарланууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG