Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Быйыл 80ден ашуун кыргызстандык кулчулуктан куткарылды


“Замандаш” ассоциациясынын менеджери Бакытбек Жумагуловдун “Азаттыкка” билдиришинче, 2011-жылы аталган ассоциация тарабынан чет өлкөдөгү 80ден ашык кыргыз жарандары кулчулуктан кутулду. Бул адамдардын көбү ар кыл себептерден улам Ангола жана Орусиянын бир катар шаарларында кулчулукка туш болушкан. Жумагулов Кыргызстан атуулдары кулчулукка кабылган учурлар мындан бир нече эсе көп экендигин билдирүүдө.

АКШнын мамлекеттик департаментинин быйылкы баяндамасына ылайык, дүйнө жүзүндө 27 миллион эркек, аял жана бала кулчулуктун ар кыл формасынан жабыр тартат. Документке ылайык, Кыргызстандын 60 000 жараны өлкө ичинде да, сыртында да адам сатуунун курмандыктары болгон. (KKs)

XS
SM
MD
LG